Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 15-апрелде саат 15:49 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөө Сузак районунун Жийде айылында 4 баллга, ал эми Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.