Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа айдоочусу менен күйүп кетти

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында күйүүчү май ташыган унаа айдоочусу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

Бүгүн, 22-июнда таң эрте саат 6:07де жол жээгинде автоунаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бишкек-Ош автоунаа жолунун 448-чакырымында күйүүчү май ташуучу автоунаасы маркасы, өңү болжол менен ак түстөгү Вольво жолдун четине чыгып, өрттөнүп кеткен. Баллону атып кетип, жарылган унааны өрт каптап айдоочусу каза болгон. Кырсык катталган жерде өрт өчүрүүчү-куткаруучулар саат 6:30да өрттү чектөөгө алып, саат 7:56да толугу менен өчүрүштү.

Болжол менен алдыңкы баллону атып кеткендиктен автоунаа өрттөнгөн.