Жалал-Абадда күрүч эгип жүргөн киши 2 сутка аралчада калган (видео)

Жалал-Абадда 60 жаштагы киши күрүч эгип жүрүп аралчада калып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сузак районунун Кемпир-Абад суу сактагычынан 280 метр куб суу Арал айылынан агып өткөн Кара-Дарыя дарыясына куят. Дарыянын тушундагы Кундузчу тилкесинде суунун деңгээли көтөрүлүп, калк өтө алгыс кырдаал түзүлгөн. Суунун деңгээли көтөрүлгөн учурда дарыянын ортосундагы аралчада күрүч эгип жүргөн адам калып калган.

Окуя 11-майда орун алып, ӨКМге 12-май күнү куткаруу тууралуу маалымат келип түшкөн. Буга 11 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар кайык менен 60 жаштагы жаранды жээкке алып чыгышты. Куткарылган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, туугандары менен аман-эсен көрүштү. Учурда анын абалы жакшы.