Жалал-Абадда кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап келген шектүү блогер кармалды

Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка шантаж кылып иштетип жүргөн шектүү блогер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаар аймагында жаран сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, сойкулук менен алектенүүгө кыздарды мажбурлап жаткандыгы боюнча маалыматтар алынган. Бул факты Жалал-Абад ШИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 28-апрель күнү 1989-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү интернет тармагында өзүнүн баракчалары аркылуу блогерлик кылары, сойкулук менен алектенген кыздарды интернет тармагы аркылуу маалыматтарды таркатуу менен шантаж кылып, 25 жана 27 жаштагы кыздарды мажбурлап иштетип жүргөндүгү аныкталган. Милиция тарабынан Жалал-Абад шаарындагы кыздар иштеп жаткан батир тинтүүгө алынып, тиешелүү далил буюмдар алынган.

Кылмыш ишине шектелип кармалган жарандан жабыр тарткандар болсо 102, 03722 5 28 31, 0550 39 00 01, 0779 10 10 45, 0778 00 00 98 номурларына кайрылсаӊыздар болот.