Жалал-Абадда май куюу бекетинин кызматкерин сабаган милиция кызматкери 3,5 жылга кесилди

Жалал-Абад облустук соту милиция кызматкерин жана дагы үч кишини «бейбаштык» беренеси боюнча 5 жылга кести. Бул тууралуу маалыматты аталган облустук соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, эркининен ажыратылган милиция кызматкери жана дагы үч киши 2019-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен шаарындагы май куюу бекетинин администраторун сабап салышкан.

Бирок мунапысты эске алуу менен соттолгондордун жаза мөөнөтү үч жарым жылга кыскартылган.