Жалал-Абадда мас абалындагы жаран милиция бөлүмүндө каза болду. Окуянын чоо-жайы

31-август күнү саат 23:10 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан Сузак РИИБдин Кызыл-Туу аймактык милиция бөлүмүндө 45-50 жаштагы эркек киши каза болуп калгандыгы тууралу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бул маалымат боюнча Сузак РИИБдин тергөө тобу, Сузак РИИБдин начальниги, Сузак районунун прокурорунун орун басары жана өздүк курам менен бирге окуя болгон жерге барып, жансыз денесине соттук-медициналык эксперттин катышуусунда кароо жүргүзүлгөн. Аталган факты Сузак РИИБге катталып, текшерүү иштери алып барылган. Териштирүүнүн жүрүшүндө өз ажалы менен каза болгон жаран, Мундуз айылындагы соода-сатык дүкөндөрүнүн бирине мас абалда барып, тынчтык бербей акаарат кылгандыгына байланыштуу дүкөн ээси аймактык милиция кызматкерине билдирүү жасаган.

Кызыл-Туу милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүнүн жардамчысы окуя болгон жерге барып болжол менен 45-50 жаштагы эркек адамды мас абалда жүргөн жеринен бөлүмгө алып келген. Ал ошол учурда өзүн жаман сезип жаткандыгын айтып суу сурап, суу ичкен. Андан соң милиция кызматкери Мундуз айылынын Тез жардам бөлүмүнүн нөмөткер дарыгерин алып келип каратып, биринчи жардам көрсөтүп жаткан учурда белгисиз себептерден улам каза болуп калган. Каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жансыз денени сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинен жарааттар байкалган эмес. Анын аты-жөнү аныкталып, Базар-Коргон районунун 1973-жылы туулган экендиги аныкталып, жансыз дене туугандарына өткөрүлүп берилди.