Жалал-Абадда мейманкананын алдында болгон мушташ боюнча 4 жигит кармалды

Жалал-Абад милициясы мейманкананын алдындагы ызы-чууга байланыштуу 4 шектүүнү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга 10-ноябрга караган түнү саат 03:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринин алдында бир топ балдар мушташып жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, далил буюмдар алынып, тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлө баштаган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургундары 2002-жылы туулган И.С., Т.Э., 2003-жылы туулган З.Р. жана 2004-жылы туулган К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен айыбын угузуу беренеси өзгөрөт. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.