Жалал-Абадда мейманкананын ичин, унаа талкалап, 2 жигит сабалган окуя. Жаңы жагдайлар

Жалал-Абад милициясы мейманкананын алдындагы ызы-чууга байланыштуу дагы 1 баланы убактылуу кармоочу жайга киргизип, 3 баланы тергөөгө камсыздады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жогорудагы окуяга байланыштуу 20 жана 21 жаштагы жигиттер Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

10-ноябрда милицияга 1970-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, саат 03:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан мейманканасына бейтааныш балдар келип, тополоң салып, бөлмөсүнүн эшигин, ичиндеги буюмдарын талкалап салышканын билдирип, чара көрүп берүүнү суранган. Мындан тышкары, 10-ноябрь күнү Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ошол түнү саат 03:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы мейманкананын короосунда 20 жаштагы уулун жана анын досун белгисиз балдар уруп-сабашып денелерине жаракат келтирип жана ошол жерде баласына таандык болгон Хонда Жаз үлгүсүндөгү унаасын талкалап салышканын билдирген.

Окуяга шектүү катары буга чейин 4 шектүү камалган. 14-ноябрь күнү жогоруда козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы 1 жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Дагы үчөө Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынды.