Текшерүүдө Сары-Челек айыл аймагындагы №18 Э.Арстанбаев атындагы орто мектептин имаратын куруу иштеринде “МК С.” ЖЧКсы сметада каралган иштерди толук аткарбай, жасалма актылар аркылуу каражаттарды мыйзамсыз өздөштүргөнү аныкталды. Ал эми тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары курулуштун толук бүткөн-бүтпөгөндүгүн текшербестен акчаны которуп, объектти пайдаланууга кабыл алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Аксы РИИБге тапшырылды. Учурда зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.
Жалал-Абадда мектептин курулушунда 7 миллион сомду кымырып алышкан
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун прокуратурасы тарабынан мектептин курулушунда 7 миллион 198 миң 990 сом каражатты ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
- Categories: КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
Related Content
Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды
Автор
Гүлжамал Абылкасымова
14:25 23.01.2026
Бишкекте унаа оңдоочу жайда өрт чыкты
Автор
Айзада Тураркулова
09:48 20.01.2026
Чет өлкөлүк студент каза болгон жатаканадагы өрт боюнча милиция текшерүү иштерин баштады
Автор
Айзада Тураркулова
13:28 16.01.2026
Ысык-Атада аялынын кабыргасын сындырып, көгала кылып сабаган делген киши кармалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
14:30 08.01.2026
Чүй облусунда автоунаа айдап качууга шектелген адамдар кармалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:29 08.01.2026