Жалал-Абадда милиция кызматкери бычактан жаракат алган. Шектүүлөр аныкталды

Жалал-Абадда милиция кызматкерин бычак менен сайып жиберген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

7-декабрь күнү саат 21:20 чамасында Жалал-Абад шаарынын Токтогул эс алуу багында кызмат өтөп жаткан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын 2 кызматкери тамеки тартып жаткан топ балдардын жанына барып, коомдук жайда тамеки тартууга мүмкүн эместигин эскертишкен. Ошол учурда пикир келишпестик жаралып балдардын бири учтуу нерсе менен милиция кызматкеринин биринин колуна сайып жиберген.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 2007-жылы туулган тургуну жана жанында болгон 6 бала тергөөгө камсыз кылынган.