Жалал-Абадда милиция кызматкерлери даракка асынган жигитти сактап калышты

Милиция кызматкерлери даракка асынган жигитти сактап калышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда саат 23:00 чамасында Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аталган шаардын тургуну үйүнүн алдындагы даракка асылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча Кара-Көл ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барганда, 1995-жылы туулган жигиттин даракка асынып турган абалда табышкан. Кызматкерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн жасалма дем алдыруу жасап, дароо шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө эсин жоготкон абалда жеткиришкен. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, жигит өз алдынча дем ала баштаган. Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материалдар 4-сентябрда Жазык кодексинин 137-беренесинин 1-бөлүгүнүн көрсөтүлгөн кылмыштардын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ал эми «Турмуш» басылмасы жигит менен маектешип, анын эмне үчүн мындай кадамга барганын билүүгө аракет кылган. Жигиттин айтымында, ал ошол учурда өзүнүн эмне кылып жатканын билген эмес.