Жалал-Абадда миңден ашык түк чөп өрттөнүп кетти

Жалал-Абаддагы Каба айылында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Шайдылда-Абайылда көчөсүндө жайгашкан шифер жабылган турак үйдүн чатыры, 2 кабаттуу сарай, 1090 түк чөп толугу менен күйгөн.

Өрт жакын жайгашкан турак үйдүн сарайына өтүп, аянты 100 чарчы метр шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын чатыры жана ошондой эле 450 түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 12:17де толук өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.