Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан медресе аныкталды

Жалал-Абад милициясы уруксат кагаздары жок иштеп жаткан медресени аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан шаар аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан медресе боюнча ыкчам маалыматтар алынган. Бул факты катталып териштирүү иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аял киши өзүнүн үйүндө эч кандай окутууга уруксат кагаздары жок «Илим-Хумар» аталышындагы окуу борборун иштетип жаткандыгы аныкталган. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин (дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу) негизинде протокол толтурулуп, 5500 сом айып пул салынды.