Жалал-Абадда мыйзамсыз кофе жасап жүргөндөр аныкталды (сүрөт)

Жалал-Абад облустук милициясы ири көлөмдө мыйзамсыз кофе азыктарын даярдап, сатып жүргөн жаранды аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

8-июль күнү милиция кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынын базарында, соода түйүндөрүндө мыйзамсыз колдо жасалган кофе азыктары сатылып жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат алынган. Бул факты Жалал-Абад ОИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси (мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мыйзамсыз кофе азыктарын 2 жерде даярдап жүргөн Ноокен районунун 1990-жылы туулган жараны аныкталган.

Кочкор-Ата шаарындагы үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда жасалма кофе жана башка азык-түлүк продукцияларын чыгаруучу 1 станок, 3 кап колдо жасалган “Маккофе” үлгүсүндөгү кофе, кофенин 11 даана рулонго оролгон сырты, 72 коробка колдо жасалган “Фрима” аталышындагы курук сүт азыгы, 2 кап “Байжи” чайдын сырты, 3 кап колдо жасалган “Мурас” куруту жана 12 капта “Мурас” курутунун сырты табылып, алынды. Ал эми экинчи даректеги азык-түлүк сактоочу кампасынан 132 коробка колдо жасалган “Маккофе” үлгүсүндөгү кофе, 5 коробка колдо жасалган “Фрима” аталышындагы курук сүт азыгы жана 1 компьютердин процессору табылып алынган.