Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген жалпы аянты 3,70 га болгон жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Аталган жерге Спорт жана жаштар ордосун жана эл аралык Ала-Тоо университетин филиалын куруу пландалууда.
«Жалал-Абад шаарында 1960-1970-жылдары жер тилкелери жыгач кампасын жана соода базасын куруу жана жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн. Бирок 1999-2008-жылдары аталган жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2,40 жана 1,35 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды», — деп билдирет УКМК.