Жалал-Абадда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 1-июнда Сейсмология институнун маалыматына ылайык, саат 09:21де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Аксы районунун Тегирмен-Сай, Итагар айылдарында 4,5 балл, ал эми Жылган, Жол-Сай, Товар-Сай, Кызыл-Туу, Коргон, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Мундуз, Кой-Таш айылдарында жана Кербен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.