Жалал-Абадда очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

иллюстрация

Жалал-Абадда очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, анын күчү Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Михайловка, Сары-Булак, Кара-Чолок айылдарында 4,5 баллга, Ак-Тоок, Орказган, Сай, Каду, Карамарт айылдарында 4 баллга, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга, Ноокен районунун Масы айылында 3 баллга чейин сезилген. Ошондой эле Ош облусунун Өзгөн шаарында жана Мырза-Аке айылында 3,5 баллга, Ош шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.