Жалал-Абадда окуучулардын мушташы. Балдардын бири эс-учун жоготкон абалда ооруканада жатат

Буга чейин Сузак районуна караштуу айылдардын биринде окуучулар топ-топ болуп мушташып, 1 баланын абалы оор экендиги маалымдалган.

Жалал-Абад ОИИБинен билдиришкендей, мушташта 17 жаштагы өспүрүм эс-учу жоголгуча сабалып, ал облустук ооруканага түшкөн. Аны төрт окуучу 22-майга караган түнү ур-токмокко алган. Алардын баары милиция бөлүмүнө алып келинип, экөө жабырлануучунун айылдашы, экөө классташы болуп чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө сабалган баланын атасы арыз жазган.

Аталган факты «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен катталып, шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасы 23-майда Сузак райондук соту тарабынан каралып, үй камагына чыгарылды.