Жалал-Абадда ооруканадан УЗИ-аппаратын уурдаган шектүү кармалды

16-май күнү саат 08:15 чамасында милицияга Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдарды дарылоо бөлүмүндө жайгашкан УЗИ бөлмөсүнө жумушуна келип, эшигинин ачкычы бузук жана ачык экендигин көрүп, бөлмөсүндөгү УЗИ (Чайсан) аппараты уурдап кеткендигин дарыгер милицияга билдирген. Натыйжада 1 миллион 661 миң 727 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Жогорудагы аталган маалымат катталып, уурулук беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу максатында тиешелүү тергөө тапшырмалары берилген. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай ачуу максатында жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1986-жылы туулган тургуну А.А. кармалып, жанынан уурдалган далил буюмдар табылып алынган. Тергөө амалдарын жүргүзүүдө шектүү катары кармалган А.А. буга чейин бир нече жолу соттолгондугу жана уурулук фактысы менен издөөдө жүргөндүгү такталган. Шектүү камакка алынып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.