Жалал-Абадда ооруканага түшкөн 4 жарандын бирөөсү каза болду. Шектүүлөр кармалды

Ала-Бука милициясы адам өлтүрүүгө шектүүнү жана бейбаштыкка шектүү деп 5 жаранды кармады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

16-январь күнү саат 01:50 чамасында Ала-Бука РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн «102» кызматына Ала-Бука райондук ооруканасынан чалышып, ошол эле райондун 1995-жылы туулган тургуну денесине учтуу нерсе менен сайылган жараатынан улам каза болуп калгандыгын кабарлаган. Бул маалымат Ала-Бука РИИБге катталып, Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) жана 280-берененин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, жансыз денеге карата соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмыш иши боюнча окуя Ала-Бука айылындагы «Олигарх» кафесинде орун алгандыгы, анда Ала-Бука районунун 25-30 жаштардагы тургундарынын ортосунда мушташ чыккандыгы жана Самар аттуу баланын бычак шилтеп бир топ адамдарга сайып алгандыгы такталган. Кесепетинен 4 жаран денелеринен ар кандай жараттарды алышып ооруканага түшкөн жана бирөөсү алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болуп калган.

Аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүүгө шектүү катарында Ала-Бука районунун 1997-жылы туулган тургуну кармалып, баш коргоо чарасы 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалды. Ал эми бейбаштыкка шектүү катарында Ала-Бука районунун 5 тургуну 15 күндүк мөөнөткө кармалышып, Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.