Жалал-Абадда ооруканага түшкүчө сабалган келин. Кармалган жаран киши өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн

ИИМ мурда бир нече жолу соттолгон, оор кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү), 261-беренеси (уюшкан топту түзүү же ага катышуу), 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча издөөдө жүргөн 1992-жылы туулганОш облусунун тургунунун жүргөн жерин аныкташкан. Аны кармоо операциясы Чүй облусунда жүргүзүлдү.

Жаран “Карышкыр” каймана аты бар кримтөбөл Мурсалым Умырзаковдун жакын адамдарынын бири.

2022-жылдын жаз айларында Аламүдүн районунун аймагынан белгисиз адамдар 29 жаштагы жаранды уурдап кетип, көрүстөнгө алып барып, денесине оор залал келтиришкен. Ал жаран каза болгон. Көп өтпөй тергөө учурунда бул оор кылмышка тиешеси бар 4 адам кармалып, алардын арасында “Карышкыр” каймана аты бар кримтөбөл да бар экени аныкталган. Кылмыштын буйрутмачысы катары өлтүрүлгөн жаран менен чогуу жашаган аял кармалган. Алардын бардыгына кылмыш иши козголуп, учурда жазасын өтөп жатышат. Бирок 1992-жылы туулган шектүү бул оор кылмышка түз тиешеси бар болгондуктан, изин жашырып жүргөн. Ага карата издөө жарыяланган.

2023-жылдын июль айында милицияга Жалал-Абад шаарынын 24 жаштагы тургуну кайрылып, аны эркек киши сабап, денесине оор залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучу аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Кылмышкер аялдын уюлдук телефонун тартып алган, ошондой эле анын электрондук капчыгынан 52 миң сомдон ашык акча каражатын чыгарып кеткен. Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн Ош облусунда туулган тургундун тиешеси бар экендигин аныкташкан.

Милиция кызматкерлери Панфилов районунун аймагынан издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Ал Жалал-Абад ОИИБге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.