Жалал-Абадда өрт чыккан үйдө 33 жаштагы киши каза болду

Жалал-Абадда өрт кырсыгы 1 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынында үй өрттөнгөн. Ал жерге эки бөлүм тартылып, өрт саат 09:45те чектөөгө алынып, 10:57де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.