Жалал-Абадда өрттөнгөн мектептин ордуна эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди (видео)

17-ноябрда Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык айыл аймагында жайгашкан Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп күйүп кеткен. Аталган жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 даана эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди.

Өрт кырсыгы болжол электр жабдыктарын пайдаланууда техникалык эрежелердин бузулушунан улам келип чыккан. Кырсыктын кесепетинен жалпы 468 чарчы метрди түзгөн имарат толугу менен күйүп кеткен жана 1,5 миллион сомдук материалдык чыгым келтирилген.