Жалал-Абадда орусиялык аял 600 миң сомунан кол жууган. 35 жаштагы адам кармалды

Ноокенде ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө Москва шаарынын тургуну 38 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын октябрь айында Эдик аттуу жаран башка бирөө бере турган 700 миң рубль карыз акчасын алып беремин деп убада берген. Ал 600 миң сом акча каражатын алып, бирок арыз ээсине “акча каражатын ала элекмин” деп алдап, бүгүнкү күнгө чейин акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материал 23-февраль күнү Ноокен РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 1988-жылы туулган тургуну кармалып, 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.