Жалал-Абадда отунга барып дарыяга чөгүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды

Жалал-Абаддагы Чаткал дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Буга чейин Чаткал районундагы Айгыр-Жол айылындагы Чаткал дарыясына 2015-жылы туулган бала түшүп кеткени, ал дарыянын жээгине бир тууган агасы менен отунга барганы маалымдалган болчу. Саат 16:45те маркумдун жансыз денеси туугандары тарабынан табылды.