Жалал-Абадда патентке төлөнчү акчаны өзүлөрү алган салыкчылар кармалды

Патентке төлөнчү акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Базар-Коргон районунун соода-базар комплексинин ишкерлеринин жана соодагерлеринин патенттерине төлөнчү акча каражаттарды салык инспекторлору системалуу түрдө чогултуп, өздөрүнө ыйгарып алып жүргөн туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

26-декабрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында соттун санкциясы менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы С.С.К. жана райондун соода базарларын көзөмөлдөгөн 2 инспектору Н.У.С., А.М.К. кармалып, №53 тергөө абагына киргизилди.