Жалал-Абадда порнографиялык диск саткан жай аныкталды

Жалал-Абад облустук милициясы порнографиялык мүнөздөгү дисктерди саткан жайды аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу) менен катталып кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад облусунда жүрүп жаткан притон операциясы учурунда милиция кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы компьютердик дүкөндөрдүн биринде порнографиялык мүнөздөгү дисктер сатылып жатканын аныкташкан. Компьютер дүкөнүнөн 41 порнографиялык мүнөздөгү диск алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.