Сузакта 6 жаштагы кызды сел алып кетти (сүрөт)

Жалал-Абадда сел 2015-жылы туулган кызды агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак районунда саат 17:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Достук, Чаңгыр-Таш айылдарында кокту-колоттордон түшкѳн сел суулар турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак-Кара-Дарыя унаа жолун каптаган.

«ӨКМге сел 2015-жылы туулган кызды агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө үчүн жана селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдин Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жалпы ӨКМдин 50 куткаруучусу, Кара-Дарыя айыл аймагынан 1 жүктөгүч, 1 трактор жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган»,- деп айтылат маалыматта.