Жалал-Абадда сел суулары жеңил унааны агызып, унаа көпүрөгө кептелип калган

Жалал-Абадда жеңил унаа сууга акты. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 22-май күнү тынымсыз жааган жаандын кесепетинен Таш-Көмүр — Майлуу-Суу унаа жолунун 5-чакырымында Балапан-Сай сел өтүүчү сайында Honda Stepwgn  үлгүсүндөгү жеңил унаа сууга агып көпүрөгө кептелип калган.

Жерине 11 куткаруучу тартылып, жеке менчик МТЗ 80 трактордун жардамы менен чыгарышкан. Жабыркагандар жок.