Жалал-Абадда сойкуканаларды калкалаган делген милиция кызматкерлери кармалды

Сойкуканаларды калкалаган милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген сойкуканалар аныкталды. Ал жерде ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин калдоосу астында интимдик кызмат көрсөтүлүп келгендиги аныкталды.

«ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Б.Н.Д. Жалал-Абад ОИИБдин айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчилеринин бири, милициянын майору Д.А. менен бирге сойкуканалардын ишмердигине колдоо көрсөтүү боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштуруп, ал үчүн ай сайын акчалай сый акы алып турушкан. 

Жалал-Абад облусунда жалпысынан 30га жакын ижарага алынган батирлер, 2 сауна, 5 мейманканалар интимдик кызмат көрсөткөн. Бул ишке кыздар республиканын ар кайсы аймактарынан, анын ичинде коңшу мамлекеттерденда тартылып турган»,- деп айтылат маалыматта.