Жалал-Абадда сойкулук кылган кыз-келиндер кармалды

Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенген 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

18-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын аймагында жарандын сойкулук менен алектенип, көмүскө жайларды уюштуруп жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтарды электрондук журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматына жиберилген. Аталган факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.

22-апрель күнү кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде көмүскө жайын уюштуруп, сойкулук менен алектенген 6 кыз-келин кармалган. Алар Жалал-Абад шаарынын 47 жаштагы тургуну — М.Ч. жана 29 жаштагы С.к.Ж., Ош облусунун 37 жаштагы тургүну Р.к.А., 35 жаштагы К.к.Н. жана 32 жаштагы К.Н. Чүй облусунун 38 жаштагы М.А. аттуу тургундары экендиги такталган. Учурда бул кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.