Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген дагы 2 кыз аныкталды

Кечээ, 14-январь күнү Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана УКМК кызматкерлери тарабынан “Токолка” аталышындагы сайт аркылуу өзүнүн денесин сатып жүргөн кыздар тууралуу ыкчам маалыматтар алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.
Бул маалымат катталып, ыкчам-иликтөө иштери башталган. Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну 1991-жылы туулган М.С. жана Жумгал районунун тургуну 1997-жылы туулган Б.А. Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде денесин сатып иштеп жүргөндүгү аныкталган.