Өмүр бою эркинен ажыратылган жаран 5 жылда түрмөдөн чыккан. Эми ишкерлерди коркутуп, акча алууга шектелип кармалды

Жалал-Абадда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

15-декабрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Женго” каймана аты бар криминалдык авторитет Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Кармалган жаран Жалал-Абад шаарындагы жеке ишкерлерди физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп-үркүтүп, акча алуу менен алектенген.

Кармалган жаран 2017-жылы “Каракчылык”, “Зордуктоо” жана “Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок 2022-жылы ал сот органдары тарабынан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Бул чечимдин мыйзамдуулугу УКМК тарабынан иликтенип жатат, анын жыйынтыгында өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонгон судьялардын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.