Жалал-Абадда спирт ичимдиктери мыйзамсыз сакталган кампа аныкталды

Жалал-Абад облусунда спирт ичимдиктери мыйзамсыз сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кампадан 1,5 миллион сомдон ашык акчага бааланган 17 миң 777 бөтөлкө спирт ичимдиктерин алышты. Бул сатылып жаткан товарлардын лицензиясы жана коштомо документтери (шайкештик сертификаты, эсеп-фактуралары, товардык-транспорттук коштомо кагаздары) болгон эмес. Ишкерлерге мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле спирт ичимдиктеринин акциздик үлгүсү жок же жасалма акциздик үлгүлөр менен, андан тышкары тийиштүү лицензиясыз сатылганын көрүшсө, жергиликтүү салык органына, «116» кызматы же 0779 61 31 89 Whatsapp номуру аркылуу кабарлап коюуну суранат.