Жалал-Абадда суу кудуктан эки адамдын сөөгү табылды (сүрөт)

Жалал-Абадда суу кудуктан эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Чарбак айылында таза суунун кудугунда 2 адамдын жансыз денеси жатат деген билдирүү түшкөн.

«Жерине үч куткаруучу тартылып, кудуктан 1976 жана 2003-жылы туулган жарандардын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кырсыктын себептерин тактоо иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалашты.