Жалал-Абадда суу сактагычтан аялдын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 26-февралда Жалал-Абад облусунун Акман айылында жайгашкан Кайырма суу сактагычынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аялдын жансыз денеси калкып чыгып калган. Ал жерге куткаруучулар барып, суудан чыгарышкан. Маркумдун аты-жөнүн тактоо жана андан аркы иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн жарандын жансыз денеси райондук укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берилди.