Жалал-Абадда сууга боюн таштаган кишинин жансыз денеси табылды

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Жалал-Абадда сууга боюн таштаган 58 жаштагы киши изделип жатканын билдиришкен. Анын жансыз денеси саат 11:35те табылды.

«Бүгүн эртең мененки саат 9:55 чамасында Майлуу-Суу шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Майлуу-Суу сайына 58 жаштагы жаран өзүн сууга таштады деген маалымат келип түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, 11:35те издөө иштеринин жыйынтыгында эркек кишинин жансыз денеси табылды», — деп айтылат маалыматта.