Жалал-Абадда Тажикстан аркылуу Өзбекстанга баңгизат ташыган шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунда эл аралык маңзат каналы токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

22-январда Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылында эл аралык баңгизат каналынын ишмердүүлүгү боюнча мурда алынган ыкчам маалыматтын алкагында Кыргыз жараны кармалды. Такталгандай, кармалган жарандын үйү чек арага жакын Сафед-Булан айылында жайгашканын, ал баңгизатын Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга ташуу жана өткөрүү үчүн жүк ташуучу база катары колдонуп келгени аныкталды. Кармалган жарандын үйүн тинтүүнүн натыйжасында желим баштыкка скотч менен оролгон, афган гашишинин өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 2 килограмм 166 граммды түзгөн эки баңги зат табылып алынган. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган баңги каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.