Жалал-Абадда таң эрте бир адам көз жумуп, 13 адам шашылыш ооруканага жеткирилди

Жалал-Абадда жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумуп, 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 13-майда таңкы саат 5:55 чамасында Аксы районунун Кербен – Кош-Дөбө унаа жолунун болжол менен 13-чакырымында ВАЗ 2106 жана Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесептинен 1 эркек киши каза болуп, 13 киши (7 эркек, 3 аял жана 3 бала) ар кандай жаракат алышкан, учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталууда. Куткаруучулар маркумдун денесин унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми Тез жардам кызматынан 2 бригада тартылып, жабыркаган адамдарды Аксы райондук ооруканага алып кетишти.