Жалал-Абадда террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облустук милициясы экстремисттик жана террористтик уюмдун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун 1988-жылы туулган тургуну кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган.

Жүргүзүлгөн соттук дин таануу экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган далил заттар Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «ИШИМ-Ирак», «Шам Ислам Мамлекети» (ИГИЛ) экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү материалдар экендиги аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.