Жалал-Абадда төшөккө оролгон абалда эркек кишинин жансыз денеси табылды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Жалал-Абад шаарындагы кароосуз турган унаа жуучу жайдын артынан жансыз дене табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

5-сентябрь күнү саат 18:40 чамасында Көк-Арт кичи шаарчасындагы иштебей, кароосуз турган унаа жуучу жайдын артында белгисиз адам төшөктө оролгон абалда жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча Жалал-Абад ШИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу прокуратура кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге барышкан. Жансыз денени сырттан кароо учурунда кандайдыр бир көрүнүктүү дене жаракаттары байкалган эмес. Аты-жөнү такталбаган эркек адамдын жансыз денеси өлүкканага жеткирилип, дене жаракаттарын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына табылган өлүк болуп катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.