Жалал-Абадда тургундарды коркутуп, акча талап кылган шектүү кармалды

Жалал-Абадда тургундардан опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБден билдиришти.

2024-жылдын 10-декабрь күнү жарандын облус аймагында жарандарды опузалап коркутуп, акча чогултуп жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Аталган маалымат Сузак РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1994-жылы туулган Сузак районунун тургуну кармалып, 16-январь күнү Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1994-жылы туулган жарандын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы жана мурда соттолуп чыккандыгы маалым болгон. 17-январь күнү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып, 25-февралга чейин камакка алынды.