Жалал-Абадда тыюу салынган уюмдун эки мүчөсү кармалды

Милиция Жалал-Абадда “Хизб ут-Тахрир” диний уюмунун эки лидерин кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Алардын бири “Солдат” каймана аты менен таанымал болгон  “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын Арстанбап аймагындагы лидеринин ишенимдүү адамы, Базар-Коргон районунун 1978-жылы туулган тургуну. Мындан тышкары, “Нелегал – 2021” операциясынын алкагында Сузак району боюнча “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын лидерлеринин бири, буга чейин 3 жолу соттолгон 1954-жылы туулган жаран кармалган.

Алар социалдык тармактарда фейк аккаунттарды ачышып, ал аккаунттар аркылуу экстремисттик уюмдун атрибутикаларын, аудио жана видео материалдарын таратып жүрүшкөндүгү аныкталган.  Бул фактылар боюнча тергөө амалдары толук жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери соттун кароосуна жиберилди.