Жалал-Абадда унаа толугу менен күйүп кетти

Кечээ, 14-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Төш-Кутчу айылындагы жолдун жээгинде Audi 80 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан, бир өрт өчүрүүчү бөлүмү өрттү толук өчүрдү. Жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталууда.