Жалал-Абадда уурулук, тоноо, алдамчылыкка шектүү катары 5 адам кармалды

Жалал-Абад милициясы уурулук, тоноо, алдамчылык менен алектенген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга батир уурулуктары, тоноо, алдамчылыкка байланыштуу 15 арыз келип түшкөн. Бул фактылар катталып, кылмыш иши козголгон. Жабырлануучулар жалпысынан 2 миллион сомго жакын материалдык чыгымга учурашкан.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 5 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар 8 алдамчылык, 4 уурулук, 3 тоноо кылмыштарын жасашкан. Жарандардын телефондорун сүйлөшүп алуу үчүн сурап, кайтарып бербей качып кетишкен. Ошондой эле батир уурулуктарын жана балдарды коркутуп тоноо менен алектенишкен.

Учурда башка бети ачылбай турган кылмыштар боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.