Жалал-Абад облусунда “Бандит” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары УКМК жана ОИИБдин каттоосунда турган жалпы 47 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аныкталып, 13 жаран Жалал-Абад ОИИБге жеткирилип, алардын манжа издери алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле УКМК тарабынан Сузак районунун 2 тургуну кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) 2-пункту менен камакка алынган.
Жыйынтыгында каттоодо турган 13 жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясынан баш тартып, мыйзам талаптарын сактоого милдеттенме алышты.