Жалал-Абадда велосипедчен жаран унаа алдында калып, көз жумган. Из жашырган шектүү кармалды

Унаасы менен адамды сүзүп, качып кеткен делген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-декабрь күнү саат 22:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 539-чакырымында велосипед тээп бара жаткан адамды унаа сүзүп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Айдоочу жабырлануучуга жардам көрсөтүүнүн ордуна окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жол тескөөчүлөр кароо жүргүзгөн учурда унаанын сынып түшүп калган тетиктери оң рулдуу Хонда үлгүсүндөгү унаага таандык экендигин аныкташкан.

Кылмышка шектелип, Ала-Бука районунун 31 жаштагы тургуну кармалган. Тергөө уланууда.