Жалал-Абадда ымыркайды 40 миң сомго сатууга аракет кылган аял кармалды

ИИМдин кызматкерлери наристени сатууга аракет кылган аялды кармашты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына Жалал-Абад шаарынын тургуну документтерди жасалмалоо менен алектенгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты Жазык кодексинин 359-беренесинде (документтердин жасалмасы) каралган кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-издөө аракеттеринин жыйынтыгында аял киши жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга мыйзамсыз документтерди даярдап жаткандыгы аныкталган. Бул кылмышты жасоо аракети даярдалып жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде атайын тергөө амалдары уюштурулуп, ИИМдин кызматкерлери сатып алуучу катары чыгып, 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берип жаткан жерден жогоруда аталган жаран кармалган. Ал эми жаңы төрөлгөн наристе Жалал-Абад облусунун балдарды коргоо бөлүмүнүн адистерине өткөрүп берилди. Мындан тышкары, аталган факты Жазык кодексинин 171-беренесине (адам сатуу) квалификациясы алмаштырылды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.