Жалал-Абаддагы 2 адамдын өмүрүн алып, 9 адам ооруканага жеткирилген жол кырсык. Эки наристенин абалы оор

Жол кырсыкта жабыркаган 3 жана 5 жаштагы балдардын абалы оор. Маалыматты журналисттерге Базар-Коргон райондук ооруканасынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, эки наристе жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Ошондой эле буга чейин жандандыруу бөлүмүндө жаткан эки жүргүнчүнүн бирөө бөлүмдөн чыккан.

2-май күнү саат 18:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 554-чакырымында, Базар-Коргон районунда Бишкектен Ош багытын көздөй бара жаткан Mitsubishi Colt үлгүсүндөгү унаа менен карама-каршы багытта келе жаткан Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен Mitsubishi Colt үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1961-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну жана Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү, 2021-жылы туулган наристе алган жарааттарынан ооруканага жетпей каза болду. Андан тышкары, 9 жаран жаракат алган. Анын ичинен экөө реанимацияга түшкөн.