Жалал-Абаддагы 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Жабыркагандардын арасында Өзбек жараны да бар

Бүгүн, 12-июнда Бишкек-Ош унаа жолунун 495-чакырымында катталган жол кырсыкта 6 адам  көз жумуп, 2 адам жаракат алганы маалымдалган эле.

Ноокен райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кубанычбек Мажитовдун айтымында, жол кырсыкта каза болгон 6 адам Базар-Коргон районунун тургундары болушкан. Өлүкканага 1 аял менен 5 эркек түшкөн. Ушул эле кырсыктан 2 адам жаракат алып, алар Кочкор-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген. Арасында Өзбек жараны да бар.

«Биздин ооруканага бүгүн, 12-июнда эртең менен саат 09:30 чамасында кырсыктан жаракат алган 2 бейтап келди. Алардын бири, тактап айтканда, айдоочу хирургия бөлүмүнө жаткырылган болчу. Бирок анын туугандары келип, бейтапты жашаган жери боюнча дарылатабыз деп алып кетишти. Азыр бир бейтап бар. Ал коңшу Өзбек Республикасынын жараны экен. Анын абалы оор, ушул тапта жандандыруу бөлүмүндө», — дешти Кочкор-Ата аймактык ооруканасынан.